
V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиева Эльмира Талас облусунун Талас шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун Экономика факультетин “экономика жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Талас областынын Талас районундагы Ленин колхозунда экономист болуп иштөө менен баштаган.
1987-жылдан тартып Фрунзе шаарындагы долбоорлоо-изилдөө кеңсесинде инженер-экономист, 1990-жылдан баштап “Азат” корпорациясынын пландоо-өндүрүш бөлүмүндө, СМУ-5те экономист болуп эмгектенип, 1992-2010-жылдары болсо К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ага окутуучу, илим башкармалыгынын начальниги, “Экономика жана ишкердик” кафедрасынын башчысы, факультеттин деканы болгон.
2010-жылдын октябрында “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.
Экономика илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2011-ж.).