19- Май 1950 -жылы V жана VI чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов туулган
V чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1969-жылы И.М.Губкин атындагы Москва Нефтехимиялык институтунун Нефтегаз иштетүү факультетин “инженер-механик” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1974-жылы "Ошгаз" ишканасында инженерликтен баштаган. Ушул ишканада 1983-жылга чейин башкы инженерлик кызматта иштеген.
1983-жылы Мамкомнефтепродуктун Ош аймактык башкармалыгына, бөлүмдүн начальнигинин кызматына которулган. 1983-жылы Таш-Көмүр нефтебазасынын директорлугуна дайындалган.
1991-1996-жылдары Жалал-Абад шаары боюнча “Мамкомнефтепродукт” өндүрүш бирикмесинин башкы директору.
1996–2006-жылдары "Кыргыз Петролиум Комани" ЖАК - мунайды кайра иштетүүчү заводдун аткаруучу директору.
2006-2010-жылдары Жалал-Абад шаарында "Мунайзат" ЖАК Директорлор кеңешин жетектеп турган.
2010-жылдын октябрында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан