13- Май 1986 -жылы
Англиялык актёр, модель жана музыкант Роберт Паттинсон төрөлгөн
Англиялык актёр, модель жана музыкант Роберт Паттинсон Англиянын Лондон шаарында туулган. Роберт 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка шыгы барын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Аталган тасмага тартылгандан бир жыл өткөн соң “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга сунуш алган. Кийин “Күүгүм” тасмасында вампирдин ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жете алган.