8- Июль 1974 -жылы
Орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске төрөлгөн
Орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске Москвада төрөлгөн. Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан.
2015-жылы 16-июнга караган түнү Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген.