16- Май 1966 -жылы
Америкалык ырчы Жанет Жексон туулган
Америкалык ырчы, ырлардын автору, продюсер, бийчи жана актриса Жанет Жексон АКШнын Индиана штатындагы Гэри шаарында туулуп, Лос-Анжелесте чоңойгон. Жанет Жексон легендага айланган Жексондор үй бүлөсүнүн эң кенжеси болгон. Жанет Жексон сахнага 7 жашынан тартып чыга баштап, 1976-жылы "The Jacksons" сериалына тартылган. Ал эми 1982-жылы ырчынын эң алгачкы "Жанет Жексон" аталышындагы алггачкы альбому чыккан.