Популярдуу казак ырчысы Батырхан Шукенов Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында туулган. КМШ аймагына “А’ Студио” тобу менен таанылган. Ал эми 2000-жылы жеке ырчы болууну көздөп, топтон чыккан. “А’Студио” тобунда жүргөндө “Жулия” деген ыры менен элге таанылса, топтон чыккан соң “Сенин кадамың” ("Твои шаги") деген ыры менен популярдуу болгон.