Актриса Роза Азимбаева Жалал-Абад шаарында туулган. Роза Азимбаева режиссёр Рустам Аташовдун алгачкы тарткан "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында башкы каарман Зинанын ролун ойноп, коомчулукка таанылган. Кийин "Министрдин кызынын махабаты-2", "Мен кыргызмын. А сизчи?..", "Мен сүйгөн карагат", "Жашоо кыска" жана "Соолуган карек" кыска метраждуу фильмдеринде роль жараткан.