13- Май 2013 -жылы
Орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталган
Орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталган. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова билдирген.
Себеби буга чейин Жириновский “Орусия Кыргыздын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан.
Ал эми 15-майда парламентте орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргыз тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралып, ал нон-грат адам деп жарыяланып, Кыргызга кирүүгө тыюу салынган.
Кийинчерээк ал сөзүнө түшүндүрмө берген:
"Мен 3 гана сөз менен Кыргыздын туризмин башка бардык кыргызстандык жарнама кылуучуларга караганда мыкты жарнамалап бердим. Ысык-Көлдү сатуу сунушумду экономикалык каатчылыктан чыгуу жолу катары эле айткам".