13- Май 2013 -жылы
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстанда өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болгон
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстандын Шымкент шаарында өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болгон.
Палкина финалда казакстандык теннисчи Камила Керимбаева менен беттешкен. 1-оюнда жеңиш Палкина тарапта болсо, 2-оюнда казакстандык теннисчи 7:5 эсебинде утуп кеткен. Ал эми беттештин чечүүчү турунда Ксения Палкина атаандашын артта калтырып, оюн 6:0 эсебинде аяктаган.