Атактуу австриялык композитор, дирижёр жана скрипкачы Иоганн Штраус Венада туулуп, 1849-жылы 25-сентябрда 45 жашында туулуп-өскөн шаарында көз жумган. Иоганн Штраус музыкалык Штраустар династиясынын негиз салуучусу. Анын үч уулу — Иоганн, Йозеф жана Эдуард атасынын жолун жолдоп атактуу композитор болушкан.