"Мыйзамдагы ууру", оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна анын ден соолугу себеп болгону айтылган. Муну тастыктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А.Батукаевдин ак кан илдети менен ооруганы анык деген чечим чыгарылган.