|
14-май, 2013-жылы "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ак кан илдети менен ооруганын экспертиза далилдеген![]()
"Мыйзамдагы ууру", оор кылмыштары үчүн 2006-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна анын ден соолугу себеп болгону айтылган. Муну тастыктоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын адистерден турган топ түзүлүп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А.Батукаевдин ак кан илдети менен ооруганы анык деген чечим чыгарылган.
Азиз Батукаевдин баш сөөгүнүн 457 клеткасы текшерилип, анын 215и жабыр тартканы тастыкталган. Мындан улам эксперттик топ Азиз Батукаев курч мүнөздөгү ак кан илдети менен ооруйт деген чечимге келишкен.
(9 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:
|