Бишкектеги “Тазалык” муниципалдык ишканасы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынан таштанды алып чыккандыгы үчүн 63 миң сом карызын талап кылган. Бул сумма театрдын 2011-жылдан тартып 2013-жылдын 1-кварталына чейинки таштанды үчүн болгон карызы болгон. Театрдын дарегине карызды төлөө тууралуу акыркы билдирүү 20-мартта жөнөтүлгөн. Талап кылынган карыз төлөнбөгөндүктөн, муниципалдык ишкана Орус драма театрын сотко берген.