Парламенттин жыйынында 3 депутаттык топ өздөрүн расмий түрдө жарыя кылышкан. Алар "Реформа үчүн", "Өнүгүү" жана "Биримдик жана ынтымак" депутаттык топтору болгон. Биринчи топко экс "ата-журтчулар" Хаджимурат Коркмазов, Роман Шин жана Нарынбек Молдобаев, экинчи топко "Республика" фракциясынан бөлүнгөн депутаттар кирип, алардын башында Бакыт Төрөбаев болгон. Ал эми үчүнчү топту мурдагы "республикачы" Канатбек Исаев жетектеген.