Жогорку Кеңештин депутаты, Техникалык илимдеринин доктору, профессор, академик, мамлекеттик ишмер Кубанычбек Жумалиев 1956-жылы 26-апрелде Ош облусуна караштуу Жаңы-Жол районундагы Кичи-Ак-Жол кыштагында туулган. Ата-энеси жергиликтүү колхоздун жөнөкөй эмгекчилери болуп эмгектенишкен. Атасы Мырзабек темир устачылык менен кесиптенсе, апасы Майрамкан саанчы болгон.
1973-жылы Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатка кирип, күмүш медаль менен аяктаган. Андан соң Орусиянын Рязань шаарындагы радиотехникалык институтуна тапшырган. Институтту "физикалык электроника" кесипчилигин алуу менен 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1978-жылы август айында Фрунзе политехникалык институтуна орношуп, аспирантурага өтөт. Илимий изилдөөсүнүн багыты фототермоклассикалык материалдарга маалыматты кантип, кандай жол менен жазуу, кантип көп маалыматтарды батыруу болгон. 1982-жылга чейин ушул институттун аспиранты болуп эмгектенген. Алгачкы эмгек жолу кенже, улук илимий кызматкер болуп иштөөдөн башталган.
1983-1984-жылдары жогоруда аты аталган институттун инженери, андан кийин ошол жылдын октябрынан тарта 1986-жылдын мартына чейин комсомол уюмунун секретары болуп өз маалында кызмат өтөгөн. 1986-жылдан баштап Фрунзедеги политехникалык институттун ага илимий кызматкери, андан Республиканын Улуттук Илимдер Академиясынын физика Институтуна ага илимий кызматкерлик ишке өткөн. Ушул эле жылы кандидаттык диссертациясын Минскиден, ал эми докторлук диссертациясын Санкт-Петербургдан 1992-жылы жактаган.