4- Апрель 1962 -жылы Коомдук ишмер, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева төрөлгөн
Коомдук ишмер, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин физика-математика факультетин бүтүргөн.
Токтайым Үмөталиева "Жашасын Кыргызстан" партиясынын лидери жана Кыргызстандагы бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы. Ал Борбордук Азия аймагында президенттик шайлоого эки ирет (2005, 2009-жылдары) катышкан биринчи аял ишмер.
Ал коомдук жана укук коргоочулук иштерден тышкары агартуучулук менен да алектенип, 2000-жылдан тарта балдар жана өспүрүмдөр үчүн “Айданек” гезитин чыгарып келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан