20- Май 1981 -жылы V чакырылыштагы СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев туулган
V чакырылыштагы СДПК фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы "политология" адистиги боюнча Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 2010-2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "юриспруденция" адистиги боюнча экинчи жогорку билимге ээ болгон.
Эмгек жолун Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Крест эл аралык кыймылынын волонтеру катары баштаган. 2001-2002-жылдары Лондон шаарында (Улуу Британияда) англис тилин окуп-үйрөнүү боюнча практикадан өткөн.
2003-жылдан 2004-жылга чейин – Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмүнүн адиси.
2004-2005-жылдары – "МИР" ЭТРКсынын журналисти, 2005-2006-жылдары "Силк Вей" ТТД коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2006-жылдан 2007-жылга чейин Алматы шаарындагы ВДНХнын "Муллен-Руч" ресторанынын башкаруучусу болгон.
2007-жылдан 2008-жылга чейин – "РИНЭК" Орусия инвестициялык компаниясынын директору.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
2010-жылдан тартып "Патриот" ыктыярдуу элдик кошундун жетекчиси болуп саналат. Ушул эле жылы кошундардын биринчи курултайында "Кыргызстандын элдик кошундар бирлиги" коомдук бирикмесинин төрагалыгына шайланган.
КР ИИМинин "Милицияга 85 жыл" медалы, "Жоокерлердин энелерин урматтоо" медалы, Ооганстан ардагерлер союзунун "Каармандыгы үчүн" медалы, КР ИИМинин Ардак грамотасы, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан