21- Май 2012 -жылы
Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун эстелигин кимдир бирөөлөр уурдап кетишкен
Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан журналист Геннадий Павлюктун эстелигин кимдир бирөөлөр уурдап кетишкен.
Эстелик колодон жасалып, бийиктиги – 1,7 метр, салмагы – 250 килограмм, баасы 20 миң АКШ долларын түзгөн. ИИМ эстеликтин уурдалышын анын колодон жасалганы менен байланыштырган.
Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.
Ошол эле жылдын 26-июнь күнү уурдалып кеткен эстелик "Ала-Тоо" конушундагы үйлөрдүн биринен талкаланган түрүндө табылган.