22- Май 1974 -жылы
Украинанын саясий ишмери Арсений Яценюк туулган
Украинанын белгилүү саясий ишмери Арсений
Яценюк Украинанын Черновцы шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1991-жылы мектепти күмүш медаль менен аяктаган. Ошол жылы Черновцы шаарындагы улуттук университеттин юридикалык факультетине тапшырган.
Арсений Яценюк саясий карьерасын 2001-жылы баштаган. 2005-2006-жылдары Украинанын экономика министри, 2007-жылы тышкы иштер министри, 2007-2008-жылдары Жогорку Раданын төрагасы болгон. Ал эми 2014-жылдын 27-февралынан тартып Украинанын премьер-министри болуп иштей баштаган. Ошондой эле 2014-жылдын 10-сентябрынан тартып Элдик фронт партиясын жетектеп келген.