9- Июль 1978 -жылы
Орусиялык актёр Дмитрий Дюжев туулган
Орусиялык актёр Дмитрий Дюжев Орусиянын Астрахань шаарында туулган. Бала кезинен эле киного тартылганды жакшы көргөндүктөн ата-энеси атайын өзгөчө таланттуу балдар окуган мектепке киргизишкен. Дима 1995-жылы мектепти, андан кийин Москвадагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктаган соң, жаштар театрына алынган. Дмитрий Дюжев 2000-жылы Александр Атанесяндын "24 часа" тасмасында дебют жасаган. Ал эми актёрго атактуулукту "Бригада" тасмасындагы ролу алып келген.