Бишкекте "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын экинчи фестивалы өтүп, анда режиссёр Эркин Салиевдин "Ханбийке Назик" тасмасы көп наамдарга ээ болгон. "Эң мыкты тасма" наамын алган бул кино бир эле режиссёрдун эмес, бир канча эмгекчи топтун да багын ачкан.
"Эң мыкты сценарист" – "Ханбийке Назик" (Эркин Салиев)
"Эң мыкты аялзатынын ролу" – "Ханбийке Назик" (Айдай Салиева)
"Эң мыкты мырзанын ролу" – "Мезгил жана Алыкул" (Чыңгыз Мамаев)
"Эң мыкты оператор" – "Ханбийке Назик" (Хасан Кыдыралиев)
"Эң мыкты режиссёр" – "Ханбийке Назик" (Эркин Салиев)
"Эң мыкты даректүү тасма" – "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" (Абдуалим Мамадалиев)
"Эң мыкты кыска метраждуу тасма" – "Жымжырт" (Наргиза Маматкулова)
"Эң мыкты көрүмдүү тасма жана продюсер" – "Президент жана бомж" (Ырыс Окенова, Өмүрзак Төлөбеков)
"Эң мыкты монтажчы" – "Мезгил жана Алыкул" (Элдияр Мадакимов)
"Эң мыкты үн режиссёру" – "Мезгил жана Алыкул" (Али Ахмадеев)
"Эң мыкты көркөм сүрөтчү" – "Ханбийке Назик" (Эркин Салиев, Азамат Мамбетов)
Ошондой эле "Улуттук кинематографияга кошкон зор салымы үчүн" режиссёр Геннадий Базаров да "Ак илбирстин" статуэткасы менен сыйланган.