9- Июль 1856 -жылы Италиялык физик жана химик Амедео Авогадро каза болгон
Суунун химиялык формуласын ачкан италиялык физик жана химик Амедео Авогадро 79 жашында Туринде каза болгон. Ал алгач юридикалык билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Амедео Авогадро Турин ИАнын корреспондент мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору болуп, ал эми 1806-1819-жылдары Турин университетинин лицейинде физика мугалим болуп иштеген. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-химиялык теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук жана башка) арналган. 1811-жылы заттардын түзүлүшү жөнүндөгү молекулярдык божомолду, атом жана молекулярдык массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (Авогадро закону). Авогардо 4 томдук физикалык-химиянын элементтерин камтыган молекулярдык физика китебинин автору.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан