20- Май 2009 -жылы Советтик жана орусиялык театр жана кино актёру Олег Янковский каза болгон
Советтик жана орусиялык театр жана кино актёру Олег Янковский 55 жаш курагында Москвада дүйнө салган.
Олег Янковскийди атактуулукка «Щит и меч», «Служили два товарища», «Тот самый Мюнхгаузен», «Полёты во сне и наяву», «Ностальгия» тасмаларындагы ролдору жеткирген. Театр сахнасында ийгиликтүү ролдорун Ф. М. Достоевскийдин "Идиот", М. Ф. Шатровдун "Синие кони на красной траве", В. Вишневскийдин "Оптимистическая трагедия", А. П. Чеховдун "Чайка", Г. И. Гориндин "Шут Балакирев" аттуу спектакльдарында жараткан. 
Олег Янковский 2008-жылы ооруп баштаган. Дарыгерлер алгач жүрөк оорусу дешкен, бирок кийин Олег Янковскийдин карын астындагы безинин рагы бар экени аныкталган. Германиядан дарыланганы менен пайда болгон эмес. 2009-жылы апрель айында катуу ооруп, 20-майда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан