22- Май 1976 -жылы
Орусиялык музыкант Сергей Жуков төрөлгөн
Орусиялык музыкант Сергей Жуков Орусиянын Димитровград шаарында төрөлгөн. Музыкага жакын, ыр жандуу Сергей мектепте майрамдык кечелерди уюштуруп, аларды жетектеп жүргөн. Сергей Жуков “Руки Вверх” тобунун солисти катары белгилүү болгон. "Руки Вверх" тобу 1991-жылы Сергей Жуков жана Алексей Потехин тарабынан Cамара шаарында "Европа плюс" радиостанциясында негизделген. Сергей аталган радиодо "Хит час" музыкалык программасын алып барып жүргөн болсо, Потехин "Потехинден Потешки" аттуу тамашалуу уктурууну даярдап жүргөн. Алгач алар биргеликте "Дядюшка Рэй и компания" деген топту түзүшкөн. Топту түзгөндөн кийин өздөрүнүн стилин аныктай албай 5 жыл бою ар кандай багыттагы ырларды ырдап изденишкен. 1996-жылы Москвада продюсер Андрей Маликовго жолугушуп, ал аталган топтун директору болуп, топтун атын "Руки Вверх" деп өзгөрткөн. Топтун аты өзгөргөндөн кийин алар "Студент" жана "Малыш" деген жаңы ырларды жаратып, болуп көрбөгөндөй хитке айландыра алышкан. Ырлары хитке айлангандан кийин "Дышите равномерно" деген аталыштагы биринчи альбомун чыгарышкан. 1999-жылы "Руки Вверх" тобу "Русский радиохит", "Жылдын альбому" ("Альбом года") жана "Жылдын аткаруучусу" ("Исполнитель года") аттуу эки сыйлыктын ээси болсо, 2001-жылы "Жылдын ыры" деген наамга ээ болуп диплом менен сыйланган. "Руки Вверх" тобу 2006-жылдын август айында ишин токтоткон. Бирок 2012-жылы "Руки Вверх" тобунун "Открой мне дверь" атуу жаңы албому жарыкка чыккан. Ага топтун мурун хитке айланып ырдалып жүргөн ырлары менен бирге Сергей Жуковдун жаңы жаздырган 9 ыры кирген. Бул альбомго кошумча иретинде жаңы үч клип тартылган. Жаңы альбомду жана клиптерди Сергей Жуков "Руки Вверх" тобунун атынан өзү жалгыз чыгарган.