23- Май 1934 -жылы Америкалык ойлоп табуучу, жеке ишкер Роберт Муг туулган
Электрондук музыкалык аспап - синтезатордун ойлоп табуучусу, америкалык жеке ишкер Роберт Муг АКШнын Нью-Йорк шаарында туулуп-өскөн. 1952-жылы техникалык жана гуманитардык илимдерди тереңдеп окуткан мектепти аяктап, 1957-жылы физика жаатында бакалавр даражасын алса, ал эми Колумбия университетинде электротехника жаатында бакалавр даражасына ээ болгон.
Музыкалык технологиялардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн 1970-жылы Роберт Муг Грэмми сыйлыгына ээ болсо, 2002-жылы синтезаторду ойлоп тапкандыгы үчүн ошол эле Грэмми сыйлыгын алган. Роберт Муг 2005-жылы 21-августта 71 жаш курагында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан