Металлдарды эритип, алардын кошундусунан жаңы
металл алуунун жолун ачкан америкалык ойлоп табуучу Исаак Баббит 62 жашында каза болгон. Исаак Баббит зергер болгон. Ал эритмелер менен иштеп, 1824-жылы АКШда завод ачып, ал жактан Баббит эритмесин ойлоп тапкан. Бул ачылышы үчүн 1841-жылы Массачусетстеги Механиктер ассоциациясынын алтын медалына ээ болсо, кийин АКШнын конгрессинен 20 миң долларлык өлчөмдө акчалай сыйлык алган. Кийин Исаак Баббит кадимки самын чыгаруу менен алектене баштаган.