АКШда афроамерикалыктардын укугун теңдөөгө чоң салым кошкон 35-президенти Жон Кеннеди төрөлүп, 1963-жылы 22-ноябрда киши колдуу болуп каза болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1963-жылдын 25-ноябрда болуп өткөн.
1963-жылдын 22-ноябрында саат 12ден 29 мүнөт өткөндө АКШнын президенти Жон Кеннедиге Техас штатындагы Даллас шаарынын Хюстон жана Элм көчөлөрүндө кесилишинде лимузинде кетип бара жаткан жеринде эки жолу, айрым маалымат боюнча, үч жолу ок атылган. Бир ок президенттин кара кушу аркылуу аралап өтүп, экинчи ок анын башынын оң жагына тийген. Оор жарадар Кеннеди Далластагы Парклэнд ооруканасына жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
АКШнын мамлекет башчысынын о дүйнөгө сапар тартканы тууралуу суук кабар тез эле тарап, бул окуяга тийиштиги бар делинип Ли Харви Освальд аттуу адам Далласта камакка алынган. Бирок ал бул кылмышты мойнуна алган эмес. Окуя андан ары чийеленишип, камакка алынгандан эки күн өтпөй, Освальддын өзү да түз сыналгы берүүсү учурунда атып өлтүрүлгөн.
Освальдды аткан Жэк Руби аттуу адам Далластагы түнкү клубдун кожоюну катары маалым болгон. Айрым такталбаган жоромолдорго караганда, ал жергиликтүү мафия менен тыгыз байланышта болгон делинет.
1964-жылкы расмий тергөөнүн жыйынтыгында, Освальд президент Кеннедини жалгыз өзү өлтүргөн, Анын артында эч ким турган эмес жана Освальддын өзүн өлтүргөн Рубинин артында да эч кандай күчтөр жок деп тыянак чыгарылган.
Бул каргашалуу окуядан бери канча жылдар өтсө да, америкалыктар үчүн президенттин киши колдуу өлүмүнүн сыры тууралуу маселе талаш-тартыштуу бойдон кала берүүдө. Гэллап сурамжылоо маалыматы көрсөткөндөй, азыркы америкалыктардын 72 пайызы “Кеннедиге кастарын тиккен күчтөр анын өлүмү үчүн жоопкер” деп санашат. Вашингтондогу Америкалык университеттин профессору, тарыхчы Питер Кузниктин айтымында, 60-жылдардын башында президент Кеннединин өлүмүнө Борбордук Чалгын кызматы, Федералдык тергөө бюросу, Кубадагы марксисттик режимди колдогон саясатчылар сыяктуу күчтөр кызыкдар болгон имиш. АКШнын аскердик өнөржай комплекси, советтик КГБ, ал түгүл мафия сыяктуу күчтөр да мындай доодон четте калган эмес.