30- Май 1966 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов туулган

Бакытбек Жетигенов 1966-жылдын 30-майында Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “машыктуруучу-мугалим” адистиги боюнча жана 2013-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы баштаган, МПМКга бетон даярдоочу болуп иштөөдөн баштаган.

1988-жылы “Ирригатор” бакча коомчулугуна кароолчу болуп орношкон, 1989-жылы №2 тазалоо-пресстөчүү цехке 2 разряддагы транспортировщик болуп дайындалган.

1992-жылдан 2010-жылдын сентябрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы  мамлекеттик кеңешчи

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан