"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2012-жылдын супер тасмасы" деп табылган "Президент жана бомж" тасмасындагы Омордун ролу үчүн “2012-жылдын супер актёру” болгон Аскат Сулайманов Балыкчыда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Алматыдагы Т.Жургенов атындагы Көркөм институтуна тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Эң биринчи казактардын “Камерадан репортаж” деген тасмасына тартылган. “Айыл өкмөтү” тасмасындагы шок милиция кызматкеринин образы менен элге кеңири таанылган актёр Аскат Сулайманов “24 саат”, “Уурунун махабаты”, “Апамдын махабаты”, “Биринчи кадр”, “Теңири”, “Свет аке” жана башка тасмаларда роль жараткан. Аскат Сулайманов Кыргыз мамлекеттик драма театрынын жана анын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёру.