27- Май 2012 -жылы
америкалык профессионал мушкер Жонни Тапиа дүйнө салган
Америкалык профессионал мушкер, бокс боюнча беш жолку дүйнөнүн чемпиону Жонни Тапиа АКШнын Альбукерке шаарындагы үйүндө 45 жашында көз жумган.
Жонни Тапиа 1967-жылы 13-февралда АКШнын Альбукерке шаарында туулган. Анын акыркы мушташы 2007-жылы 23-февралда болгон. 66 мушташтын 59 жеңип, 30 ирет каршылашын нокаут менен жеңген. 5 ирет жеңилип, 2 жолу тен чыккан.