Австралиялык ырчы, актриса Кайли Миноуг Австралиянын Мельбурн шаарында төрөлгөн. Он жашка толгондо апасы эки кызын ээрчитип алып киного тартылууга сынакка алып барган. Сынакта Кайли тандалып алынып, "Салливандардын үй-бүлөсү" аттуу фильмге жетим кыздын ролуна ээ болгон. 18 жашында "Коңшулар" аттуу ошол учурдагы популярдуу болуп жаткан телесериалга тартылган. Жыйырма жашында Кайли беш сыйлыктын ээси болууга жетишип, "эң жаш актриса" деп табылган. Өзгөчө Жан Клод Вандамм менен тартылган "Көчө баатыры" жана "Мулен Руж" аттуу кинолор Кайлиге дүйнөлүк аброй алып келген.