31- Май 1976 -жылы
Ирландиялык актёр Колин Фаррелл туулган
Ирландиялык актёр Колин Фаррелл Ирландиянын Дублин шаарында туулган. Колин Фарреллдин актёрлук карьерасы 1996-жылы башталып, "Исчезновение Финбара" тасмасында дебют жасаган. Бирок тасмадагы актёрлордун аты-жөнүнө ысымы кошулгудай анын ролу маанилүү эмес болгон. 1997-жылы бюджети аз болгон "Сырая нефть" тасмасына тартылган. Колин Фаррелл жарнамаларга дагы тартылып жашоосуна каражат тапкан. Андан соң "Белый танец", "Страна тигров", "Зона военных действий" ж.б. тасмаларга тартылган. Колин үчүн 2003-жыл эң ийгиликтүү болгон. Анткени, ал жылы 5 тасмага тартылган. Алардын бири "Сорвиголова". Бул тасмада терс каармандын ролун аткарып атактуу болгон.
"People" журналы Колин Фарреллди 2003-жылы дүйнөнүн эң келбеттүү 50 адамдарынын санына киргизген. Ал эми "Company" журналы боюнча, ошол эле жылдын дүйнөнүн сексуалдуу эркектеринин алтынчысы болгон.