27- Май 2013 -жылы
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолуна жер көчкү түшкөн
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолунун 16-чакырымына саат 06:00 чамасында жалпы көлөмү болжол менен 1 миң 500 метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнү тазалоого Транспорт жана коммуникация министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч жөнөтүлгөн.