25- Май 2013 -жылы Өкмөт "Кыргызгазды" орусиялык "Газпром" компаниясына сатуу боюнча макулдашуунун долбоорун жактырган
Өкмөттүн жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн аймагына жаратылыш газын жеткирүү жана бөлүштүрүү боюнча орус-кыргыз өкмөттөрү ортосундагы макулдашуунун долбоору жактырылган. Макулдашуунун негизги максаты - эки өлкөнүн биргеликте жана узак мөөнөткө Кыргыз өлкөсүнүн аймагына газ жеткирүүдөгү кызматташтыгын камсыздоо болуп саналган. Макулдашууга кол коюлгандан кийин "Газпром" Кыргыз өлкөсүнө газ жеткирүү иштерин баштамак. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын газ берүү системинде бир катар оңдоп-түзөө иштери жасалмак. Ошондой эле бул макулдашууга ылайык аталган орусиялык компания 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын газ тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу максатында 20 миллиард рубль инвестиция салууну кепилдеген. 
"Кыргызгаз" Орусияга сатылган учурдан тартып ишкананын карыздары аталган өлкөнүн моюнуна жүктөлмөк.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан