6- Июнь 1850 -жылы
Германиялык физик Фердинанд Браун туулган
Германиялык физик, кинескопту ойлоп тапкан окумуштуу Фердинанд Браун Германиянын Фульда шаарында туулган. Фердинанд Браун 1909-жылы италиялык радиотехник Гульельмо Маркони менен биргеликте физика жаатында “Нобель” сыйлыгына ээ болушкан.
Фердинанд Браун 1918-жылы 20-апрелде 67 жаш курагында Нью-Йоркто каза болгон.