Нигериядагы эң ири шаар Лагостон алыс эмес жерде MD-83 учагы кыймылдаткычы иштебей калып калктуу пунктка кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. Учакта болгон 153 киши жана жерден 40тан ашуун адам өлгөн. Учак кулаган аймакка мародёрлор кол салып, жүргүнчүлөрдүн жүктөрү жана айлана-тегеректеги үйлөр тонолуп кеткен.