9- Июнь 2009 -жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы "Pearl Continental" мейманканасында жардыруу болгон
Пакистандын Пешавар шаарындагы "Pearl Continental" мейманканасында жардыруу болуп, 17 адам өлүп, 46 киши жараат алган.  

Жардыруу болгонго чейин мейманкананын имаратын АКШ сатып алып, ал жерге консулдук ачууну пландап жаткан.  Жардыруунун күбөлөрү кылмышкерлер жүк ташуучу унаада мейманканага келишкенин, бир нече жолу ок чыгарышканын айтышкан. Террордук актта имараттын 500 чарчы метри күйгөндүгү, ага жакын токтотулган унааларга зыян келтирилгени маалымдалган. Жабыркагандардын арасында жергиликтүү тургундарга ыктыярдуу түрдө жардам берүүгө келгендер болгон. БУУнун, ЮНИСЕФтин кызматкерлери каза болгон.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан