8- Июнь 218 -жылы
Рим императору Макрин каза болгон
Кул сатып алуудагы салыктын өлчөмүн көбөйткөн, кадрдык саясатты
мыкты жүргүзгөн Римдик император Макрин каза болгон.
Макрин бийликке мурунку император - Каракалланы өлтүртүп келген. Өзүнүн уулун цезарь атап, Римди 1 жыл башкарган. Бир жылдан кийин Римге Каракалланын уулу - чыныгы жолун жолдоочусу келген. Макриндин уулу өлтүрүлүп, өзү качып бара жаткан жеринен кармалган. Аны Антиохияга алып келе жатышканда уулунун өлтүрүлгөнүн угуп өз жанын кыюуга аракет кылган. Аракети ишке ашпай, аскер тарабынан өлтүрүлгөн. Сөөгү жолдун жээгинде жаңы император көрүүсү үчүн жерге көмүлбөй көпкө жаткан.