Англиялык жазуучу, музыкант, актёр Хью Лори Оксфорддо туулган. Хью Лори пианист, сценарист, режиссёр, продюсер катары да белгилүү болгон. Ал эми актёр катары "Фрай менен Лоринин шоусу" ("Шоу Фрая и Лори"), "Живс жана Вустер" тасмаларындагы жана "Доктор Хаус" сериалындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.