14- Июль 1875 -жылы
Өзгөндө Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан
Өзгөн аймагында Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшкө мында жашаган кыргыздар менен өзбектер тартылып, алар хандык тарабынан киргизилген суу салыгына каршы экенин билдиришкен.
Кокон хандыгына каршы башталган көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышып, алар анын негизги кыймылдаткыч күчү болуп берген. Анын башкы себеби хандык 1874-жылкы көтөрүлүшкө кыргыздар катышкандыгы үчүн аларга кошумча салык киргизген жана ал калктын турмушун оорлотуп, жакырчылык запкысын күчөткөн.