10- Июнь 323 -жылы улуу грек кол башчысы, македондук Александр каза болгон
Улуу грек кол башчысы, македондук Александр каза болгон.  
Искендер Зулкарнайн - Македондук Александрдын мусулман өлкөлөрүндө тараган ысымы. Искендер ысымы Александр деген сөздү арабчага "ал-Искандар" деп ыңгайлаштыруудан келип чыккан. Зул-Карнайн – кош мүйүздүү дегенди билдирет. Мындай ат ага Египетти баш ийдирип, "Аммондун уулу" деп жарыялангандан кийин фараондордун кош мүйүздүү туулгасын кийип жүргөндүгүнөн улам берилген. Александр Македон падышасы Филипп IIнин уулу. Тубаса шыктуу Александр жаштайынан эле атак-даңкты жакшы көргөн. Аны энесинин туугандары Леонид, Лизимах, ал эми 343-жылдан атактуу философ Аристотель тарбиялаган. Аристотелдин жетекчилигинде өз заманына ылайык өтө кеңири билим алган. Биздин заманга чейин 338-жылы фифалыктардын ыйык аскерин талкалап, мыкты жоокер жана таланттуу аскер башчы болорун көрсөткөн. Биздин заманга чейин 336-жылы атасы Филипп II өлтүрүлгөндөн кийин 20 жашка толо элек Александр тактыга отурган. Гректерди, Дунай өрөөнүндөгү жана Иллириядагы урууларды баш ийдирип, Персияга каршы согушка камылга көргөн. Биздин заманга чейин 334-жылы 30 миң жөө, 5 миң атчан аскерлери менен Геллеспонт аркылуу өтүп, Персия сатраптарынын 20 миң жөө, 20 миң атчан аскерлерин талкалайт. Кичи Азиядагы көптөгөн шаарлар жеңүүчүгө согушсуз кошулушкан. Биздин заманга чейин 333-жылы Киликияны ээлегенден кийин чыгышты көздөй сапарын улантат. Ушул эле жылы Иссанын жанында Александрдын жана Дарий Кодомандын аскерлери беттешет. Александр Дарийдин эки жолку элдешүү үчүн сунуш кылган шарттарын кабыл албай, урушту жеңишке жеткирет. Иссадагы жеңиш түштүктү көздөй жол ачат. Жер Ортолук деңизиндеги персиялыктардын флоту Александрдын колуна өтөт. Палестинаны баш ийдирип Египетке кирет. Александр жергиликтүү элдин үрп-адаттарына, динине урматтоо менен мамиле кылган. Ошондуктан жергиликтүү эл ага ишеним көрсөткөн. Египетте Александр Александр шаарын негиздеген. Биздин заманга чейин 331-жылы Ливия чөлү аркылуу Зевстин (Юпитердин) Аммон храмына барат. Храмдын дин кызматчылары фараондордун салты боюнча аны "Аммондун уулу" ("Күндүн уулу") деп жарыялашат. Андан кийин Дарийге каршы аттанат. Дарий бул мезгилде Ассириядан жаңы аскер топтоого үлгүргөн. Каршылаштардын аскерлери Гангамеллдин жанында кезигишет, персиялыктар жеңилет. Александр түштүктү көздөй жортуулду улантат. Вавилон, Суза жеңүүчүгө дарбазаларын ачып берет. Басып алган аймактарды башкарууга жергиликтүү элден тарткан. Гректерге, македониялыктарга аскердик жана финансылык иштер тапшырылган. Биздин заманга чейин 333-жылы "Персия дарбазасынын" 40 миң жоокерден турган коргоочуларын талкалап Персеполь шаарына кирген. Персия падышаларынын атактуу сарайын өрттөйт. Биздин заманга чейин 333-жылы Дарийге каршы согушун улантат. Дарийди ачууланган сатраптар кармап, падышалыктан түшүргөндүгү жөнүндөгү кабар аны ого бетер шаштырат. Анын ордуна Бактрия сатрабы Бесс өзүн Персия падышасы деп жарыялайт. Александр Бессти кармоого, Персия монархиясынын чыгыш жерлерин басып алууга шашылат. Биздин заманга чейин 329–328-жылдары Согдиана менен Бактрияны ээлейт. Александр Бактрия башкаруучусунун кызы Роксанага үйлөнөт. Яксарт (Сыр-дарыя) дарыясынан өтүп азыркы Кожент шаарынын жанына Александрия Эсхата (Четки Александрия) шаарын курган. Орто Азиянын көчмөн элдерин баш ийдирүү Александрга кыйла түйшүктүү болгон. Биздин заманга чейин 327-жылы 12 миң аскери менен Индияга жөнөйт. Инд дарыясынын батыш тарабында жашаган урууларды баш ийдирет. Биздин заманга чейин 326-жылы Таксиль падышалыгын, Пенжабды ээлеп, Ганг өзөнүнө тереңдеп кирет. Бирок, аскерлердин нааразычылыгынан артка кайтууга аргасыз болот. Биздин заманга чейин 323-жылы Александр Вавилонго келип, мамлекеттин түзүлүшү жана жаңы басып алуу согуштары тууралуу пландарын түзөт. Катуу оорудан кийин 33 жашында Александр каза болот. Досу Птолемей анын сөөгүн алтын табытка салдырып, биздин заманга чейин 322-жылы Александрия шаарына койдурган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан