V чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун "окумуштуу-агроном" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз жер кыртышын илимий изилдөө институтунда (ЖКИИ) лаборанттык кызматтан баштаган.
1985–1988-жылдары – улук лаборант, агроном, андан кийин ЖКИИнин улук агроному, илимий кызматкери.
1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Геология институтунда, андан кийин "Социализм" совхозунда сугат эсепчиси болуп иштеген.
1991-жылы – Кыргыз ССРнин Географиялык коомунда окумуштуу-катчы.
1992–1995-жылдары – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда "Мөмө-жемишчилиги жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү" кафедрасынын ассистенти.
1995-жылы – Кыргыз Республикасынын УИА ботаникалык бакчасынын ("Өсүмдүктөрдүн физиологиясы" лабораториясы) кенже илимий кызматкери.
1996-жылы – Кыргыз Республикасынын УИА илимий кызматкери.
1999-жылы – "Ар-намыс" саясий партиясынын мүчөсү, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча партиянын координатору, андан кийин партиянын төрагасынын орун басары.
2001-005-жылдары – "Азем" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси.
2008-жылы – "Табият" экологиялык кыймылынын менеджери.
2010-жылдын апрелинде Убактылуу Өкмөттүн тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрында "Ар-намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан – "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү.