Англиялык физик, Кембриждеги Кавендиш лабораториясын ачкан, магниттик талаа теориясынын автору Жеймс Клерк Максвелл туулган. Максвелл азыркы электродинамика мыйзамдарынын негизин түзгөн (Максвелл теңдемеси). Ал 1861-жылы 17-майда Томас Саттон менен биргеликте дүйнөдөгү алгачкы түстүү сүрөттү Падышалык институтунда лекцияда көргөзгөн. Илимий жетишкендиктери үчүн 10дон ашык сыйлык алган.