13- Июнь 1938 -жылы
Франциялык физик Шарль Гийом каза болгон
Франциялык физик, “Нобель” сыйлыгынын ээси Шарль Гийом 77 жашында Франциянын Севр шаарында дүйнөдөн кайткан.
1920-жылы инвар жана элинвар жылуулук кеңейүүсүнүн аномалдык тартиптеги эритмелерин ачкандыгы үчүн "Нобель" сыйлыгынын лауреаты болгон. Анын алгачкы илимий изилдөөлөрү сымап термометринин тактыгын жогорулатуу болгон.