Франциялык физик, инженер, электростатиканын негизги законунун (Кулон закону) автору Шарль Огюстен Кулон Франциянын Ангулеме шаарында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Эң мыкты делинген колледжде билим алып, аны аяктаган соң 1760-жылы XVIII кылымдын эң мыкты делинген аскердик-инженердик мектебине кирген. Окуусун аяктаган соң көбүнчө аскердик-инженердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн. Шарль Огюстен Кулон 1806-жылы 23-августта 70 жаш курагында Парижде көз жумган. Анын ысымы Эйфел мунарасынын биринчи кабатында жайгашкан Франциянын улуу окумуштууларынын тизмесине жазылган.