Советтик жана Орусиялык коомдук ишмер, укук коргоочу Елена Боннэр 88 жашында АКШнын Бостон шаарында көз жумган.
Елена Боннэр 1923-жылы 15-февралда советтик Түркмөнстанда Мары шаарында партиялык кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Анын туулгандагы ысымы – Лусик Алиханова.
Атасы – армян тегиндеги Геворк Саркисович, Коминтерндин кызматкери болгон. Сталиндик репрессияга жазыксыз кабылып, 1938-жылы 13-февралда атылган.
Энеси – жөөт тегиндеги Руфь Григорьевна Боннэр 1937-жылы 10-декабрда камалып, 1938-жылы 22-мартта 8 жылга Карагандыга лагерге кесилген. 1954-жылы Елена Боннэрдин ата-энеси толук акталган.
Елена Боннэр 18 жашында Улуу Ата мекендик согушка кетип, аскердик-дарыгердик поездде эмчи (медсестра) болуп иштеген жана оор жаракат алган.
Согуштан соң Ленинград медициналык институтун аяктаган. “Дарыгерлердин иши” тууралуу өз сын пикирин ачык айтканы үчүн аны бул окуу жайдан чыгарып да салышкан, бирок Иосиф Сталин каза болгон соң окуу жайга кайра кабыл алышкан.
1965-жылы Елена Боннэр КПССке мүчөлүккө кабыл алынган (муну ал өз тагдырындагы эң олуттуу катачылыктардын бири деп санаган). Ал эми 1972-жылы КПССтин катарынан чыгат да, укук коргоо жаатында ырааттуу алектене баштаган.
Елена Боннэр саясий камактагылардын балдарына жардам берүү үчүн атайын кор уюштурат.
1975-жылы академик жолдошу Андрей Сахаровго "Нобель" Тынчтык сыйлыгы ыйгарылганда, күйөөсүнүн өкүлү катары Ослодогу сыйлык тапшыруу аземине катышкан.
1976-жылы 12-майда “Масква Хелсинки тобун” негиздеген документке кол койгондордун арасында болгон.
Ал эми 1980-жылы жолдошу Сахаров менен чогуу Горький шаарына сүргүнгө айдалган. Елена Боннэр 1984-жылы Горький облустук соту тарабынан РСФСР Кылмыш кодексинин 190-1-беренесине ылайык (советтик коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү каралоо) айыптуу деп табылып, жазасын күйөөсү сүргүндө жүргөн Горький шаарында өтөгөн.
“Кайра куруулар” доорунун башаттык учурунда, 1986-жылы декабрда, жолдошу менен кошо кайра Масквага кайтып келген. 1994-жылдын 28-декабрына чейин пост-советтик Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссияга мүчө болгон. Бирок кийин Чеченстандагы согуш аракеттерин айыптап, бул комиссиянын курамынан чыгып кеткен.
Елена Боннэр 2008-жылы августта Орусиянын бийлигин Түштүк Осетиядагы согуш аракеттери үчүн айыптаган.
Боннэр 2010-жылдын 10-мартында Орусиянын оппозициячыл күчтөрүнүн жалпы орусиялык атуулдарга багытталган “Путин кызматтан кетүүгө тийиш” деп аталган кайрылуусуна биринчи болуп кол койгон.
Елена Боннэр соңку жылдары АКШнын Бостон шаарында жашап келген.