15- Июль 1932 -жылы Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана Кызыл аскерлер кеңеши ташкындоого каршы Чукул чара комиссиясын курган
Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана Кызыл аскерлер кеңеши ташкындоого каршы Чукул чара комиссиясын курган. Жайкы ысыктан улам Ала-Тоо мөңгүлөрү эрип, шаарга суу каптоо коркунучу пайда болгон. Чукул чара комиссиясы Ала-Арча менен Аламүдүн сууларынын бойлорун бекемдөө ишине киришкен. Сууларга орнотулган дамбалар бекемделип, суу жээктерине казык кагылып, чым төшөлгөн. Жумушчу колунун тартыштыгына байланыштуу Чукул чара комиссиясы шаардык тургундарды бекемдөө ишине тарткан. Жумушка тартылган адамдарга балта, күрөк менен айтылган жерге келиши милдеттендирилип, эмгек куралы жок келген адамга 100 рубль айып тагылаары эскертилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан