28- Июнь 1389 -жылы
Осмон империясынын падышасы Мурад I көз жумган
Осмон империясында султан титулун киргизген, көптөгөн мамлекетттерди империянын курамына караткан падыша Мурад I көз жумган.
Мурад I 1319-жылы туулган. Ал атасы Орхандын жолун жолдоп Анкара жана Адрионполду каратып алган. Адрионполь азыркы Эдирне шаары. Бул шаарды басып алуу мындан ары Греция, Болгарияга жол ачылды дегенди түшүндүргөн. Ошентип, 1383-жылы София шаарын, андан кийин Фессалоник шаарын, бара-бара Болгария аймагынын жарымын каратышкан. Мурат I андан ары жортуул жасап, баласы Баязеддин жардамы менен Косовону чөгөлөткон. Бирок айыгышкан куралдуу салгылашуу учурунда Мурат мерт болгон.