21- Июнь 1953 -жылы Мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым Беназир Бхутто туулган
Мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым Беназир Бхутто Пакистандын Карачи шаарында туулган. Атасы Зулфикар Али Бхутто 1971-1977-жылдары Пакистандын президенти, анан премьер-министри болгон. Бхутто Гарвард, андан кийин Оксфорд университеттеринде окуган. 1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген Пакистан элдик партиясын жетектеген. 1988-жылы шайлоодо жеңишке жетишип, премьер-министр кызматына отурган. 1990-жылы кызматтан четтетилип, 1993-жылы кайра премьерликке келген. 1993-жылы Беназир Бхуттонун бир тууганы Муртаза мекенине кайтып келип, партия жетекчилигин талашкан. Бирок ал терроризмге катышы бар деп айыпталып, камалып, бир жылдан кийин бошотулган. 
1996-жылы Муртаза полиция менен атышууда курман болуп, анын өлүмүнө Беназирдин күйөөсү күнөөлүү деген айып тагылган. Көп өтпөй Бхутто да "коррупцияга малынган, жалданма киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар" деп айыпталган. 1997-жылы шайлоодо анын партиясы жеңилип, үй-бүлөсүнө расмий түрдө айып тагылган, бирок көп өтпөй кайра токтотулган. Ал 1997-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2007-жылы четте жүргөн бир топ саясий фигураларга мунапыс берилип, анын ичинде Беназир Бхуттого мекенине кайтып келүүгө жол ачылган. Келип президент Мушаррафка каршы оппозициянын башында туруп, шайлоодо жеңишке ээ боло алган эмес. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясын баштап, эл менен жолугушуу учурунда мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым, Пакистандын 17-премьер-министри 2007-жылы 27-декабрда жардыруудан курман болгон. 
54 жаш курагында каза болгон Беназир Бхуттонун бир уул, эки кызы болгон. 
Айрым маалыматтар боюнча Беназир Бхутто айтылуу Бабурдун урпактарынан. Ал бул тууралуу "Кыргыз мамлекетинин Ош шаарында менин бабам Бабурдун турагы бар экен. Ошону көрүп келем" деп айтканы бар. Кийин 1995-жылы Кыргыз өлкөсүнө келгенде Ошко барган. Ошентип Беназир Бхутто Алайдагы могол уруусунан экени белгилүү болгон.
Дүйнөгө таанымал саясатчылардын бири, мусулман өлкөсүнүн өлкө башчылыгына келген алгачкы аялзаты, дүйнөгө аты чыккан үй-бүлөлүк саясий династиянын өкүлү Беназир Бхутто түпкүлүгү Кыргыз жеринен экенин фольклорчу Буудайбек Сабыр уулу билдирген. Анын айтымында, Беназир Бхуттонун саясаттагы жолу айтылуу Бабурга барып такалат. Атасынан эрте калып, бийликке эрте келип, бирок аны кармап кала албай кыргыз жеринен ооп кетүүгө аргасыз болгон Бабур Оштон кетип бара жатканда жолдо төрөлгөн уулунун белине алтын курун тагып, бешиги менен токойго таштап, аны бирөө жарым таап алганына күбө болгондон кийин гана жолун уланткан экен. Азган Бабур кийин Индияга барып Улуу моголдор династиясын курган. Ал эми Алайда да могол деген уруу бар, Бабур мына ошол уруудан болгон.
Беназир Бхутто Кыргыз өлкөсүнө келээринде Оштогу бабамдын жайын көрөм деп айткан. Бирок бабасынын жайы атеисттик СССР тушунда "бул жерге эл зыяратка көп келет экен" деп буздурулган. Бхуттонун сөзүн уккан кыргыз чиновниктери Сулайман тоого арыдан-бери "Бабурдун турагын" тургуза салып, аны Тургунбай Садыковдун эстеликтери менен кооздоп, даярдап коюшат. Ошентип Беназир Бхутто Ош шаарына келип, Бабур бабасынын үйүн көрүп, кубанып кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан