16- Июль 1939 -жылы
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар Кеңеши азыркы Панфилов сейил багында Маданият сарайын куруу туурасында чечим чыгарган
Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши "Красная звезда", т.а. азыркы Панфилов сейил багында Маданият сарайын куруу туурасында чечим чыгарган. Маданият сарайынын долбоору Кыргызстандагы эң ири курулуш катары эсептелинип, анын долбоорун архитектор Г.Сутягин даярдаган. Маданият сарайынын долбоору ар бири 550 жана 200 орундук эки залга бөлүнүп, ал жерде окуу бөлмөсү, гимнастикалык бий залдары менен кошо бассейн орун алмак. Изги саамалыктын жүзөгө ашырылышына бир жарым ай аралыгында башталган II дүйнөлүк согуш тоскоол болуп, келечеги кең долбоор ишке ашпай калган.